"Кыйынчылыктарга карабай былтыр өлкөбүз ЕАЭБдин мамлекеттеринин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү" дейт Темир Сариев

Болгон кыйынчылыктарга карабай 2015-жылы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өсүү деңгээли 3,5 пайызды түзүп, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы өнүккөн өлкөлөрдө, финансылык-экономикалык абалы жакшырылган, өнүгүп жаткан жана транзиттик экономикасы бар өлкөлөрдө кризистик көрүнүштөр болгон. "Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде экономиканын өнүгүүсү басаңдады. Экономиканын өсүшү басаңдаган жана биржалык товарлардын баасы төмөндөгөн учурда дүйнөлүк базарда өндүрүштүк мамлекеттердин ортосунда атаандаштык күчөйт. Экономиканын мыйзамы ушундай. Ошондуктан инвестициянын ролу жогорулап, мааниси тереңдейт",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан