Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунда «Хузбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

26-мартта Ысык-Көл облусунда УКМКнын кызматкерлери “Хизбут-Тахрир” уюмунун 3 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалым болгондой, кармалган адамдар Ак-Терек, Жеңиш айылдарынын тургундары экендиги белгилүү болуп, текшерүү убагында алардан экстремисттик мүнөздөгү беш китеп, орус жана кыргыз тилинде жазылган эки жазуу дептери жана маалымат сакталуучу электрондук жабдыктар табылган. Эске сала кетсек, кармалган жарандардын экөөсү "Хизбут-Тахрир" уюмунун активдүү мүчөсү катары тизмеде болчу. Учурда бул боюнча Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан