Борбор калаада "жер тилкесин сатып берүүнү убадалап ири суммадагы акча алган" деп алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун милициясына арыз менен 36 жаштагы Т.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Рахат аттуу чала таанышы 2014-жылы "жер тилкесин сатып берем" деген шылтоо менен 3800 доллар алып, алдап кеткенин билдирген. Бул факт боюнча "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан 30-мартта кылмышка шектүү катары 45 жаштагы М.Р. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.