Канттагы үйлөрдүн биринен өзүн өзү атып каза тапкан жаран Киргшёлк айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдардын биринин күйөөсү экени аныкталды

Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен өзүн өзү атып каза тапкан жаран Киргшёлк айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдардын биринин күйөөсү болгон. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ өзүнүн төшүнө ок чыгарып каза тапкан 51 жаштагы Александр И. Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-март күнү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 50 жаштагы Екатерина П.В. аттуу аял менен жарандык никеде жашап келген.

"Маркумдун үйүнөн табылган Иж-20 үлгүсүндөгү ок атуучу курал мыйзамсыз сакталып келген. Ал эч жерде катталган эмес. Маркумдун үйүнөн "Катюша менин жан дүйнөм болчу! Мен ансыз жашагым келбейт! Бул күнөө экенин билем, бирок мейли, эмне болсо ошол болсун! Мен мас абалдамын, бирок баарын түшүнүп, билип турам. Мен экөөбүздүн жаныбыз жолугушуусун каалайм. 27.03.16-жыл" деген мазмундагы кат табылды. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө",- деди Э.Осмонбаев.

Айта кетсек, кечээ, 30-мартта саат 12:00 чамасында милицияга "Кант шаарындагы үйлөрдүн биринен 51 жаштагы жаран өзүнө ок чыгарып каза тапты" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери Александр И. аттуу жаран өзүн төшүнө атып каза болгонун аныкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
shiko
2016-03-31 16:01:42
Атаны дунуйо десе
+2
radyakiz
2016-03-31 16:04:07
Тиги уч аялды ушул куйоосу олтургонбу анда. Мен маньяк чыкканбы деп эшике да чыга албай коркуп аттым эле
-4
SHAHDAR
2016-03-31 16:12:19
Ч
Кинолорду коп коруп алганмынбы, че то ишеничтуу эмес. 27 жазса 30унда ок чыгарса. ????????????
+2
asanaliev.s
2016-03-31 17:30:36
Эмнеси болсода жаман иш болуптур.Аллах озун ыйман бере кор.
0
Ali-han
2016-03-31 19:19:33
Ушундай айыл барбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан