Кыргыз мамлекетиндеги тилдик өзгөчөлүк... Күнүмдүк турмушта колдонулган сөздөр кайсы бир аймакта орой угулса, башка аймакта көнүмүш, тескерисинче, кулакка жагымдуу угулушу мүмкүн. SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "эй" сөзүнүн сүйлөө речиндеги ролу. "Эй" сөзүн ким кандайча кабыл алат же колдонот?" деген тема талкууланып жатат.
Тема боюнча түрдүү пикирлер айтылууда:
"Мен бул сөздү жаман көрөм жана колдонбойм. Орой угулат".
"Бул сөздү биз көп колдонобуз, кайын журтумду, баарын эле "эй бала", "эй кыз" деп чакырам. Жолдошумду ар дайым "эй" деп айтам. Бул сөздүн мага эч кандай орой жери жок, бизде эч ким орой кабыл албайт".
"Үндүн тонуна, сүйлөгөн адамдын абалына, контекстине карай ар кандай кабыл алам. Бирок өзүм көп колдонбогонго аракеттенем".
"Жакпайт, кыжырыма тийген, жактырбаган адамдарыма гана колдоном. Атын билсең атынан, билбесең "кечиресиз" же "кечиресиң" десе болот да".
"Анын эмнесине арданат экен? Мисалы, мен деле жакын адамдарды "эй" дейм. Бирок тааныбаган бирөө "эй" десе, ошол жерден жообун берем".
"Сырдаш, курдаштарымды деле "эй" дебейм. Жогоруда эрин "эй" деп чакырам дегендер бар экен. Күйөөнү сыйлоо керек, анан басса-турса ушинте берсе, төбөдөн ары бир коёт. Анан ким жаман, күйөө жаман деп чыга келебиз".
"Эй" деген эки тамгадан турган сөз ушунча маселе жараттыбы, эй?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.