Ош шаарында “Бош орундар жарманкеси-2016” жарманкеси өткөрүлдү. Бул иш-чарага облустун алдынкы компаниялары, бизнес түзүмдөр, эл аралык уюмдар, жогорку жана орто окуу жайлар, кесиптик-техникалык лицейлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Жарманкеде 4000ден ашуун бош орундар сунушталган.
Уюштуруучулар кабарлашкандай, бул жарманкени өткөрүүнүн бирден-бир максаты – жумуш берүүчүлөргө адис маселесинде, изденүүчүлөрдү кесипке багыттоодо чоң салымы бар мекеме-ишканалардын жана жумуш издегендердин ортосундагы байланышты күчөтүү.
Жарманкеге Жалал-Абад, Баткен облусундагы алдынкы компаниялар, жеке ишкерлер да катышып, бош орундарын алып келишкен. Жалпысынан бул иш-чарага үч миңге жакын иш издөөчүлөр катышып, иш берүүчүлөргө резюмелерин тапшырышты.