Талас районунун Козучак айылында 20 жаштагы жаран асынып каза болду. Бул тууралуу 31-мартта SUPER.KG порталына Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 30-мартта Азамат А. аттуу тургун өзүнүн үйүндө асынып алган жеринен жакындары табышкан. Маалыматтарга караганда, каза болгон жаран эртең менен жубайын жумушуна жеткирип, өзү "жумушка барам" деп айтып кеткен. Ошол эле күнү маркумдун жубайы бир канча жолу жолдошуна телефон чалып, бирок байланыша алган эмес. Тааныштарына байланышып, үйүнө барып карап коюусун суранган. Алар барып Азаматтын асынып алганын көрүшкөн.