Чүй жана Талас облустарында трансформаторлордун жүктөмүн азайтуу максатында кошумча 9 трансформатор орнотулат

Бишкек шаары боюнча “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун капиталдык салымы 300 миллион сомду түзөт. Бул каражатка бөлүштүрүүчү компания республиканын борборундагы 189,1 чакырым узундуктагы кабель жана аба электр чубалгыларын реконструкциялоо иштерин жүргүзүүнү пландоодо. Муну менен бирге өзүн изоляциялаган зымды колдонуу менен 150 чакырым узундуктагы 0,4 кВ аба электр чубалгылары, 3 чакырым 110 кВ “ТЭЦ-Бишкек” кабель чубалгысы жана жалпы узундугу 30 чакырымды түзгөн 6/10 -35 кВ кабель чубалгылары оңдолот. Болгон трансформаторлордун жүктөмүн азайтуу максатында 9 кошумча трансформатор орнотулат.

Ал эми бөлүштүрүү компаниянын капиталдык салымы Чүй облусу боюнча 1 миллоин сомдон ашуун каражатты түзөт. Бул каражатка “Түндүк электр” жалпы курулуш, 35/6/10 кВ көмөк чордондорунун техникалык жактан жаңыртып жабдуу, байланыш базалык станцияларын орнотуу иштерин жүргүзүүнү пландоодо. Ошондой эле компания 2016-жылы 50 чакырым узундуктагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзүн изоляциялаган зымды колдонуу менен реконструкциялануусун, андан тышкары 61 чакырым 10/0,4 кВ аба электр чубалгыларын жана 1,2 км 35 кВ аба электр чубалгыларын реконструкциялоону мерчемдөөдө. Жыл ичинде 45 400 эсептөө приборлору алмаштырылат, болгон трансформаторлордун жүктөмүн азайтуу үчүн 19 комплект кошумча трансформатор орнотулат.

Талас облусундагы капиталдык курулуштарга 160 миллион сомдон ашык каражат каралган. Бул каражатка бөлүштүрүүчү компания 13 чакырым ашуун узундуктагы 10/0,4 кВ аба электр чубалгыларын реконструкциялоону пландоодо. Ошондой эле 10 482 эсептөө приборунун алмаштырылышын жана турган трансформаторлордун жүктөмүн азайтуу максатында 13 комплект кошумча трансформаторлорун орнотулушун мерчемдөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан