Штайнмайер президент Алмазбек Атамбаевге "кыргыз өлкөсүндө акыркы 10 жылда чоң өзгөрүүлөр болду" деп айтты

"Кыргыз мамлекетинде акыркы 10 жылда чоң өзгөрүүлөр болду",- деп айтты Германиянын тышкы иштер министри, ЕККУнун төрагасы Франк-Валтер Штайнмайер. Ал мындай пикирин бүгүн, 31-мартта Бишкектеги Ак үйдө президент Алмазбек Атамбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Штайнмайер өз сөзүндө өлкө башчынын убакыт бөлүп, жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын кошумчалады.

"Мени жылуу кабыл алып жатканыңызга ыраазычылык билдирем. Мындан 10 жыл мурун кыргыз өлкөсүндө болгом, андан бери бир топ убакыт өттү. Дүйнө өзгөрдү, аны менен бирге Кыргыз Республикасы да абдан өзгөрүптүр, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагы. Сиз менен Орто Азиядагы маселелерди талкууласак деп турам. Ансыз деле Кыргыз Республикасы менен Германиянын кызматташуусу жакшы өнүгүүдө",- деди дипломат.

Андан соң журналисттер сыртка чыгарылып, маселени жабык эшик артында талкуулоого өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан