Сокулук районунда 29 жаштагы келинди муунтуп өлтүрүүгө шектелген туугандар кармалышты

Сокулук районунда 29 жаштагы келинди муунтуп өлтүрүүгө шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Сокулук районунун 52 жаштагы Эркебек И. аттуу тургуну кайрылган. Ал Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткен 29 жаштагы Зарина И. аттуу кызы 2 күндөн бери байланышка чыкпай жатканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 17-март күнү Романовка айылынын четиндеги көлмөнүн жанынан изделип жаткан Мерседес-Бенц унаасы, ал эми анын арткы орундугунан аялдын жансыз денеси табылган.

Иликтөө иштеринин алкагында келин муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 19-мартта кылмышка шектүү катары маркумдун 27 жаштагы Кайрат Ж. аттуу таанышы жана анын 37 жаштагы Рамил Б. аттуу тууганы кармалган. Учурда алар камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, маркум ажырашып кеткен, анын артында уулу калды. Маркумдун атасынын айтымында, кызынын тагынып кеткен зер буюмдары жана жанындагы 2 уюлдук телефону, чөнтөгүндөгү акчасы жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
konsilium
2016-03-31 17:17:09
Адамдын омуру алтын сойкочолук да болбой калган экен да.Сойко эле керек болсо жон эле жулуп алып эле кете беришпейт дагын.
+3
Komrad
2016-04-01 07:32:50
Не бир сонун жер Сокулук. Ушундай айбандар кара так болду.
+1
modern-group
2016-04-02 16:27:17
менин таанышым болчу жайын жаннаттан болсун Зари!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан