“Трайбализмдин айынан алакандай элибиз Аксы окуясын, Март жана Апрель революцияларын башынан өткөрдү” дейт тарых илимдеринин доктору

“Трайбализмдин айынан алакандай элибиз Аксы окуясын, Март жана Апрель революцияларын башынан өткөрдү”,- дейт тарых илимдеринин доктуру Тынчболот Жуманалиев бүгүн, 31-мартта Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте “Бир оор жолдун үч ашуусу” аттуу илимий-практикалык конференцияда. Анын айтымында, мурунку президент Аскар Акаевдин бийликке келүүсү менен трайбализм деген нерсе өлкөдө жанданган.

Советтер Союзу маалында трайбализм деген түшүнүк сөз гана болчу. Бийликке татыктуу адамдар келип, эл аларга ишенимин билдирчү. Тилекке каршы, Акаевдин бийлиги орногондон баштап трайбализм бизде калыптанды. Элди татыктуу адамдар эмес, үй-бүлөлүк башкаруу тейлеп калган. Түндүк жана түштүк деген бөлүнүү пайда болгон. Ошондон бери бүгүнкү күнгө чейин бул түшүнүк жок боло элек. Мунун айынан элдин бийликке болгон ишеними жок. Ал нерсе болбогон соң калайык журт саясий интригалардын жана социалдык убадалардын курмандыгы болуп калат деген ой жаралат. Кагылайын жаштар, орто муун, биз аймактарга бөлүнүүнү токтотпосок, башыбыздан Аксы, "Жоогазын" жана Апрель революциялары сыяктуу каргашалуу окуялар кайталана бериши мүмкүн.

Батыш мындай маселеден оңой кутулган. Ал жерде бийликке татыктуу адамдар келишет жана элдин ишеними күчтүү, бөлүнүп-жарылуу деген нерсе жок”,- деди тарыхчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jyrgal_msk
2016-03-31 18:39:13
Аксы окуясында Узонгу Куушту Кытайга сатып жибергени учун митингге чыккан элди аттырган.Анын трайбализмге тиешеси жок.Ал эми эки революцияда трайбализм болду.Биринчисине АКШ жардам берсе,экинчи революцияга Россия жардам берди.
+1
temirov76
2016-03-31 19:45:02
Июнь окуясычы?
0
baxa90
2016-04-01 13:35:55
бул конференциянын максатын тушунбодум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан