Ош облусунда мыйзамсыз түрдө баңгизатты жүгүртүү фактысына шектелген аял кармалды. Бул тууралуу 31-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 29-мартта Ош шаарынын тургуну милицияга 34 жаштагы О.С. аттуу аялдан 35 миң сомго сатып алган 50 грамм героинди тапшырган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “мыйзамсыз түрдө баңгизат даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектелген жарандын үйүн тинтүү учурунда 3 килограмм 165 грамм апийим табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.