Бишкек шаарында спорт аянтчасынан уюлдук телефон жана 16 миң сом уурдоого шектелген эки шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы С.Ч. аттуу жаран кайрылган. Ал саат 17:30 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда жайгашкан спорт аянтчасынан белгисиз адамдар 8800 сомдук уюлдук телефонун жана 16 миң сом акчасын алып кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ж.Э. жана 19 жаштагы Б.Б. аттуу шаар тургундары кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.