Борбордогу үйлөрдүн биринен велосипед уурдоого шектелген жаран кармалды

Борбор калаада уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30-мартта 38 жаштагы С.Ч. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал саат 06.00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 8900 сомдук велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы С.К. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан