Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2, өрт кырсыгы катталды.
Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүндө өрт кырсыгы катталды. Анда Бос айылындагы Дыйканбай-Ата көчөсүндө жайгашкан “Жалал-Абад электр” ишканасына караштуу шифер жабылган трансформатор оңдоочу жайдын 160 чарчы метр аянты, 1 трансформатор, 1 компьютер, 1 принтер, 1 кондиционер, 4 эшик, 4 терезе, 1200 литр трансформатор майы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.