Ош шаарында 19 жаштагы кыз жездеси аны зордуктап жүрүп боюна бүтүп калганын айтып, милицияга кайрылды. Бүгүн, 1-апрелде SUPER.KG'ге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга кечээ, 31-мартта арыз менен 19 жаштагы Чаткал районунун тургуну кайрылган. Ал 2014-жылы шаардагы бильярд клубдарынын биринде жездеси менен чогуу иштеп жүргөндө жездеси аны зордуктап койгонун айткан. Мындан 9 ай мурун да зордуктап, боюна бүтүп калганын билдирген. Белгилүү болгондой, ай-күнүнө жетип калган кызды ата-энеси милицияга арыз жаздыртышкан.
“Учурда тиешелүү экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына ылайык кылмыш ишин козгоо маселеси каралат. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголо элек, 25 жаштагы кылмышка шектүү жездеси өлкөдөн чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө коё берилген”,- деп билдиришти Ош ШИИБинен.