СУПЕРСТАН: "Эркектердики билинбейт, жалгыз бой аялдар 30 жаштан өткөндөн кийин "стерва" боло башташат..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жалгыз бой адамдар "нервный" болобу?" деген тема талкууланып жатат. "Көбүбүз эле байкайт болушубуз керек, жалгыз бой адамдар бат кыжырданышат, көп нерсени көтөрө алышпайт, бирөө менен бат эле уруша кетишет. Иши кылса чаң-тополоңдун эле үстүндө жүрүшөт. Бул жалгыз бойлуктан көз карандыбы?"- дейт автор.

Мындай пикирди туура дегендер жана четке каккандар бар:

"Бул көйгөй кыздарда бар. Эркектерде, менин байкашымча, мындай маселе жок. Жалгыз бой эркекпи, үй-бүлөлүүбү, айырмасы көп билинбейт. Аялдарда болсо 30дан өткөндөн кийин жалгыз бой болсо, кыялы бузулуп, "стерва" боло башташат".

"Эгер ажырашкандан кийин жалгыз бой болсо, жашоосуна, башынан өткөргөн тагдырына карап "нервный" болушу мүмкүн. Убакыт өткөн сайын баары өзгөрөт да, ал эми бойдоктор анча "нервный" болушпайт го".

"Баарынан кызыгы, адам мына ошол жалгыз бой жашаганга көнө баштайт. Кыялы бузулгандан тышкары өзүмчүл адам болуп чыга келет. Жаш өткөн сайын адам жакпай калат. Үй-бүлө курайын дейт, бирок татыктуу адам жоктой сезилет".

"Мен, тескерисинче, жыргамакмын, "кой, тур" деген эч ким жок. Жалгыз бой адамдар "нервный" болушат деген жалган".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tursunbaev2016
2016-04-01 13:40:53
30 дан кийин жалгыз бой болсо витамин жетишпей нервный болушу мумкун
-2
Magusi
2016-04-01 17:03:06
tursunbaev2016,Витаминди Аптекадан алып ичсе болот
-2
diaz
2016-04-02 11:54:32
Magusi,аал витамин аптекада сатылбайт ал деген еркектерде гана болот
0
Magusi
2016-04-01 17:08:19
Бул создо бирок коп чындык бардай.Нерв болосун анан баарынан жаманы соз которо албай каласын.Озумчул болуп жалгыз жашоону суйуп каласын.Уйуно бироо келсе бир буюм ордунан жылса ошого да жин келет.Айылга барсан ызы чууну суйбой баягы жалгыздыкты энсеп шаарга шашмай.Мына ошентип менде кундор уланып эле келтат.Эх деп коюп журобуз.Апам байкуш кайгырат,ой кызым жок дегенде бироо менен суйлошуп корсончу деп.Энеда журогу ооруйт биздин козубуз тируудо ордун тапса деп.
+2
rahat97
2016-04-01 20:38:09
Magusi,туура айтасын созуно 500 пайыз кошулам
0
lolo.1
2016-04-01 19:43:41
Эркектердики билинбейт дейсинер эркектер эркекмин деп билиндирбееей барып журсо башкага билинбейтда.
+2
Kroxa
2016-04-02 01:09:19
Туура жалгыздыкка конуп егоисть болуп бир тууган Ата-энени да кагып силккендерди кордум Ата-энеси баланын багын эле тилейт...
0
admin_portal
2016-04-04 18:19:30
lolo.1, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан