Орусиянын "Биринчи каналы" Кыргызстанда көрсөтүлбөй калышы мүмкүнбү?

КРнын Каржы министрлиги Орусиянын "Биринчи каналын" Кыргызстанда көрсөтүүнү каржылоосун токтотту. Бул маалыматты 27-мартта “Кыргызтелеком” ишканасынын президенти Аскар Баратбаев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим ЖКнын Тармактык комитетинде кабыл алынган. “Расмий билдирүү бизге 20-мартта келди. Бүгүн бул тууралуу өкмөткө кайрылуу жөнөтөбүз. Бул каналды акысыз көрсөтө албайбыз, башка каржы булактарын табуу керек же аталган каналды Кыргызстанда көрсөтүүнү токтотуу керек”,- деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан