Түркияда унаа бекетинин жанындагы жардыруудан 8 адам каза болуп, 27 адам жабыр тартты

Түркияда унаа бекетинин жанында болгон жардыруудан 8 адам каза таап, 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жардыруу кечээ, 31-мартта Диярбакыр аймагында орун алган. Анда шаардык бекеттин жанынан полиция кызматкерлери бараткан автобус өтүп жаткан кезде жол боюнда турган унаа жарылган. Натыйжада 8 адам каза таап, 27 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Жабыр тарткандардын ичинен 13ү полиция кызматкерлери, ал эми 17 адам бекеттин аймагындагы адамдар экени маалым болду.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, 2015-жылдын июль айынан бери күрддөр менен болгон салгылашуудан 350дөн ашуун күч органдарынын кызматкерлери каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ханбийке
2016-04-01 16:16:45
Тынччылык эле болсо экен. Туркияда ушул жылдын эсебинен 3чу жардыруу. Эмне болуп баратат озу, быйыл озгочо дуйнодо тынчтык жок Брюсельде 2, пакистанд 1 жпрдыруу авиакатастрофалар кудай сакта ушунун баары жаны жылдан берки 3 айдын ичиндеги окуялар. Деги тынччылык болсо экен.
0
barsbegKG
2016-04-02 01:31:14
Турктор орустардын учагын жон эле койсо болмок (орустар сирияда жургондо) АКШнан жардам сурагыла эми. Дуйнодо тынчтык эле болсунчу
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан