Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз жарандарына документтерин калыпка келтирүүгө 1-апрелден 30-сентябрга чейин убакыт берилди

Түштүк Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз жарандары үчүн миграциялык мунапыс жарыяланды. Эми алар 1-апрелден 30-сентябрга чейинки аралыкта өлкөдөн өз эрки менен чыгып, документтерди калыпка келтирген соң кайтып келе алышат. Аларга карата депортациялоо, Кореяга кайтып келүүгө тыюу салуу сыяктуу чаралар көрүлбөйт.

КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, 6 ай ичинде кыргыз жарандары Кореянын Бишкектеги элчилигинен виза ачтырып, кайрадан Кореяга мыйзамдуу жол менен кире алышат.

Маалым болгондой, мартта Кореяда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдиктерди аныктоо боюнча рейд башталган. Иш-чара алкагында мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды депортациялоо, алдынкы 5 жыл аралыгында өлкөгө киргизбөө чаралары көрүлөт.

Кошумчалай кетсек, 2012-жылдан бери Кореяда тесттен өтүп, 2199 адам келишимдин негизинде иштегени кеткен. Мыйзамсыз иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны миңден ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ALYM_KG
2016-04-01 13:09:36
жакшыго.
+1
raiana53
2016-04-01 13:21:43
и кандай жакшы менин эжем кореяда кубанычтуу жанылык 7 жылдан бери уйго келелек болчу эми корот кенбизда буйруса
0
chon-alai90
2016-04-01 22:03:54
Эх корея
0
Kroxa
2016-04-02 01:03:46
Кореяда жакшы табышат экен россиялабай ошол жакка кетсекпи,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан