Бишкек шаарында катталган жол кырсыгында 2 адам оор жаракаттары алды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 31-мартта саат 11:25 чамасында Манас - Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерге “Тез жардамдын” кызматкерлери барып, 26 жана 30 жаштагы жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, алар ооруканага жеткирилишкен. Ошондой эле Абдрахманов көчөсүндө айдоочу 52 жаштагы мас абалдагы жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Натыйжада жөө жүрүүчү бир нече жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.