Баткенде көзөмөл-өткөрүү бекетинин кызматкери пара алып жатканда кармалды

Баткенде Салмак-габариттик көзөмөл бекетинин кызматкери пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 29-март күнү милиция кызматкерлерине арыз менен Кадамжай районунун тургуну кайрылган. Ал Кадамжай районунун Ош - Исфана унаа жолунда жайгашкан салмак-габариттик
көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери 5000 сом акча каражатын талап кылып жатышканын билдирген. Аталган факт боюнча “опузалап талап кылуу”, “кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде тиешелүү кызматкерлер тарабынан иликтөө иштери жүрүп, натыйжада 29-март күнү болжол менен саат 16:00дө аталган бекеттин кызматкери 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Кылмышка шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
jenishbek87.87
2016-04-01 14:48:23
Аты жонун жазгыла. Ким экен? Жакшы эле болуптур жегиле дагы.
+3
admin_portal
2016-04-01 15:47:27
jenishbek87.87, саламатсызбы!
Кабар ИИМдин басма сөзүнүн берген маалыматы боюнча гана жазылган.
0
syd.adilet
2016-04-01 14:56:16
Азыр жакшы кармабай калды.Былтыркы жылы жакшы эле паликлиникага барсан 50сом алса дагы коркуп алат эле азыр болсо кайра коркпой калды.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан