27-марттагы ЖКнын жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын Жерди каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын жетекчиси Нурия Сооронова Кыргызстанда 5 миң 570 гектар сугат жери басып алуу жолу менен пайдаланылып жатканын айтты. Айтымында, элдер басып алган жерлерге өз алдынча үй куруп жашап жатышкандарына 10-15 жыл болду. “Алар бул жерлерди мыйзамдаштырып берүүнү суранып жатышат. Жерди трансформациялоого тийиштүү мораторийди алып салуу мыйзамын кабыл алсак, бул маселени чечүүгө жол ачылат”,- дейт Сооронова.