Нарын облусунун Жумгал районунда "4 жаштагы Нурэл менен 6 жаштагы Акылайды сабаган" деп айыпталган өгөй чоң энеге карата козголгон кылмыш иши соттук кароого өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, аталган факт боюнча дайындалган тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы чыгып, иликтөө иштери аяктап, аталган кылмыш иши 29-март күнү соттук кароого өттү.
Эскерте кетсек, 54 жаштагы Д.Ж. аттуу жаранга карата “саламаттыкка атайылап жеңил залал келтирүү” жана “кыйноо” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал күйөөсүнүн эки небересин багып берем деп Жумгал районуна алып кеткен. Бир канча айдан кийин балдар өз үйүнө барганда ата-энеси балдарынын денесинен ур-соккудан алган жаракаттарын көрүп, өгөй чоң энесине карата чара көрүүсүн суранып милиция кызматкерлерине кайрылган.