Кара-Кулжада катуу жааган жамгырдын кесепетинен 13 баш жылкы жардан учуп, бир турак үй авариялык абалга келди (фото)

Ош облусунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 13 жылкы учуп өлүп, авариялык абалда калган үйлөр да болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 31-мартта саат 21:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен арыктардан суу ашып, болжол менен 26 турак жайдын короолоруна агып кирген. Анын ичинен Кой-Сары аймагында 1 турак жайынын жер төлөсүнө суу толуп, 1 турак жайдын ичине суу кирип, пайдубалын тешип чыккан. Ал үй авариялык абалда калды. Ошондой эле жамгырдын кесепетинен 13 баш жылкы Кой-Сары аймагынын Чоң-Бет чегинде жардан учуп өлдү. Жылкылардын ээси болжолдуу түрдө 780 миң сом чыгымга учураган.

Аталган кырсыктан адам өмүрүнө зыян келтирилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ajo81
2016-04-01 17:14:08
Айтырбай келген кырсыктан сактай кор Аллахым
+4
Neymar1203
2016-04-02 08:49:05
Тынчсынарбы кара кулжам
0
joka-mos
2016-04-02 13:24:57
Жылкылар кана?
+1
zoichka
2016-04-02 22:33:37
Ылайталаа аябай туз жер.суу каптоолор аябай коп болот да.кудайым айттырбай келген кырсыктан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан