26-мартта Ысык-Көл облустук сотунун төрагасы жана орун басарлары шайланды. Анда облустук соттун төрагасы болуп Болот Асанбаев, анын кылмыштуулук жана административдик укук бузуулар боюнча орун басары болуп Аида Рыскулова шайланды. Ал эми облустук соттун жарандык иштер боюнча орун басарлыгына Мира Шамбетова, административдик жана экономикалык иштер боюнча орун басарлыгына Айбек Молдакунов шайланганы белгилүү болду.