Бишкек мэриясынын өкүлдөрү бүгүн, 1-апрелде №3-шаардык оорукананын травматология бөлүмүнүн иши менен таанышып кайтышты. Вице-мэр Айгүл Рыскулова баштаган топту башкы дарыгер Талант Өмүрбеков жаракат алган балдар менен тааныштырып, дарылоо тартиби тууралуу айтып берди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Башкы дарыгер учурда жаш балдар жаракатты көпчүлүк учурда туура эмес жыгылып жана жол кырсыктарынан алып жатышканын белгиледи.