ЖЫЛНААМА, 1-АПРЕЛЬ: 2009-жылы кыргыз жеринде тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынган

2009-жылы 1-апрелде кыргыз жеринде тамеки продукцияларын жарнамалоого тыюу салынган. Эгер мыйзамды аткаруу бузулса, 50 миң сомго чейин айып салынат деп каралган.

Тамекинин тарыхына токтолсок, биздин доорго чейинки I кылымда америкалык индейлер чылымды медициналык жана диний багытта колдоно башташкан. Тамеки жал­бы­рагын ооруну басуучу каражат катары жаралар­га та­ңыш­кан, тиш ооруганда басышкан.

1492-жылы Христофер Колумбга америкалык индейлер тамекини белек катары беришкен. Ошондон көп өтпөй ал Европага алынып келинип, тарай баштаган. 1596-жылы Европада тамеки баш ооруну айыктыруу үчүн колдонулууга өткөн. Ал үчүн жыттоо керек эле. Эл анын дарылык касиетине ишенгендиктен, тамеки бат эле популярдуу болуп кеткен. XVI кылымда бүтүндөй Европага жайылган.

Ал эми биздин өлкөбүзгө орустар келе баштагандан кийин тараган. 1977-1978-жылдары СССРде тамеки кутуларынын сыртында “Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет: Тамеки тартуу ден соолугуңузга зыян” деген жазуулар жазыла баштаган.

1-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан