Сокулук районунда уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Төрт-Көл айылынын 1976-жылы туулган Т.У. аттуу тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар анын үйүнүн короосуна кирип магнитофон, 4 дөңгөлөк жана башка буюмдарын алып кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 10260 сомду түзгөн.
Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 31-март күнү кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 1994-жылкы А.К. жана Ж.А. аттуу тургундары кармалган. Учурда алар "башка кылмыштарга да катыштыгы бар" деп шектелип жатышат. Бул факт боюнча иликтөө иштери улантылууда.