22-март күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Милянфан айылынын 18 жаштагы тургунун уурдап кетип, зордуктаган адам 26-мартта кармалды. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, оор кылмышка шектүү катары колго түшкөн 24 жаштагы жаран, жабыркаган кыздын айылдашы экенин белгилүү болду. Учурда бул окуя боюнча тергөө иши улантылып жатканы айтылды.