Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шаркыратма аймагынан мамлекеттик чек ара режимин бузган кыргыз өлкөсүнүн жараны кармалды. Чек ара кызматы 2-апрелде билдиргендей, кармалган жаран -мергенчи, мылтыгынын тийиштүү документтери болгон. Бирок чек ара аймагына кирүүгө документи болгон эмес. Мергенчиге административдик айып пул салынганы айтылды, айып пулдун суммасы маалымдалган жок.