Аксылык активист: "Район акими мени кримчөйрө менен коркутууда"

Шекербек Камчыбек уулуАксы районунда активист Шекербек Камчыбек уулу өзүн криминалдык чөйрөнүн өкүлү коркутуп жатканын айтууда. Активист мунун артында район акими Медет Айдаралиев менен райондук милиция турат деген пикирде. Коркуткандар андан митингдерди уюштурбоону талап кылып жатышыптыр.

"Алмаз деген жергиликтүү кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү, лакап аты Кабак, мага келип "өлтүрүп салам" деп коркутуп кеткен. "Тынч жүр" деп кечээ дагы телефон чалды. "Колуңдан келгенин кыл, корко турган мен эмес" дедим. Криминалитет саясатка кийлигишпеши керек, бирок аким менен райондук милициянын башчысы алардын кызматын пайдаланышууда. Аким болсо бул ишке өзүнүн тиешеси жок экенин айтууда, Кудайга койдум. Ал жөнүндө айта берсе сөз көп, анын кандай киши экени мага жакшы белгилүү",- деп билдирди активист SUPER.KG порталына.

Район акими Медет Айдаралиев активисттин айткандарын жалган деп белгилеп, жалган жалаа жапканы үчүн аны сотко берерин жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан