ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: 21-кылымда адамзаттын күнүмдүк турмушунда өзгөчө роль алган интернеттин эл аралык күнү

Интернет - бул бириктирилген компьютердик тармактардын бүткүл дүйнөлүк желеси.
Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болуу тарыхы XX кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын Коргоо министрлигинин алдында уюштурулган Алдынкы изилдөө долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институттарынын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи "Арпанет" деген аталышта дүйнөгө жайыла баштайт. Ал эми 1971-жылы "Bolt Beranek and Newman" аттуу компьютердик фирманын программисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @ - электрондук белгини иштеп чыгат. 1982-жылы "Арпанет" TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан.
Кыргыз өлкөсүнө болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып Кытай, Сауд Арабия, Иран, Египетте диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан