31-мартта саат 21:30да Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБине кайрылуу түшүп, Таштак айылында белгисиз адамдын сөөгү табылганы тууралуу айтылган. Алынган маалымат боюнча барган милиция кызматкерлери Кара-Суу районунун 20 жаштагы тургунунун сөөгүн табышкан.
Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, анын күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында 1994-жылы туулган С. уулу Ш. колго түшкөн.
"20 жаштагы тургунду таш менен башка чаап, кийин кокосун кесип салган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду жана кылмышка шектүү убактылуу жайга алынып келинди",- деп жазылат маалыматта.