Бишкекте француз ашпозчулары даярдаган тамак-аш жарманкеси болду
Бүгүн, 27-мартта Франкофония жумалыгынын алкагында Бишкектеги ЖОЖдордун биринде француз ашпозчулары даярдаган тамак-аш жарманкеси болуп өттү. Иш-чарага аталган өлкөдөгү белгилүү кондитер Клод Менар, Кыргызстандагы ашпозчулар гильдиясынын президенти Виктор Цой жана студенттер катышты. Анда француз даамдарынын бир нече түрү көрүүчүлөргө тартууланды.