Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-мартта милицияга арыз менен Романовка айылынын 1957-жылы туулган К.С. аттуу тургуну кайрылып, белгисиз адамдар анын коюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "мал уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда сот жобуна тартылган Талас облусунун 1984-жылы туулган К.У. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан