Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алды

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы түнкү саат 02:30 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 293-чакырымында орун алган. Анда Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаа менен жүк ташуучу Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада Тойота Превиа унаасындагы Тажикстандын 5 жараны жеңил жаракаттарды алган. Белгилүү болгондой, Тойота Превианы башкарган айдоочу уктап кетип Мерседести сүзгөн. Окуя болгон жерге барган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
behappy74
2016-04-04 10:05:46
Тажиктер ээн эркин эле аралап калганбы биздин жерде
+1
EdikoKG
2016-04-04 10:11:57
behappy74,жол азабы-кор азабы. Биз деле айрым учурда казак жерлерин аралап отуп жатпайлыбы. Ушундай эле кеп да. Узак жолго чыкканда баарыбыз мусаапыр экенибизди унутпасак.
+3
nursultan67
2016-04-04 11:48:22
behappy74,тадикистандык кыргыздарда чуйго келишет жазында иштегени.таджикистанда 60000кыргыз бар экен
+1
behappy74
2016-04-04 10:19:17
Казак Тажик экоо такыр эки башка эл.Бул жерде казак жонундо соз болгон жок.Сен Тажик жерин ээн эркин аралап журо алаарына козун жетеби?
-1
EdikoKG
2016-04-04 10:55:38
behappy74,эмнеге болбосун? Мыйзам бузбасан мага демек Афганистанда да журсо болот.
0
Diplomat.kg
2016-04-04 10:25:07
Ушинтип журуп эмне болоор экенбиз...
0
agarai
2016-04-04 10:29:02
Алар тажиктер эмес Карабалтада тажик жараны болгон кыргыздар толтура жашап жатпайбы,алар Ошко тынымсыз каттап турушат,ошолор болуш керек
+2
imanchik
2016-04-04 11:01:56
Таджикистанда ээн эркин эле журом мына мен
+3
Rifle_3
2016-04-04 14:17:05
Миграционная картасы бар бекен ?
Аман калганы жакшы болуптур.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан