Өлкө аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

4-апрелде саат 00:08де өлкө аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти.

Очогу Нарын шаарынан түштүккө карай 3 чакырым, Орто-Саз айылынан түштүк-батышты карай 10 чакырымда, Таш-Булак айылынан түштүк-батышты карай 10 чакырымда, Кеңеш айылынан түштүк-чыгышты карай 12 чакырымда, Миң-Булак айылынан түштүк-чыгышты карай 15 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Нарын шаарында 3,5 балл, Орто-Саз, Таш-Булак айылдарында 3 балл, Миң-Булак айылында 2-3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан