Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү бекетин айланып, Чүй дарыясын кечип өтүүгө аракеттенген 5 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз түрдө Казакстанга өтүүгө аракеттенгендер Чүй облусундагы Арал аймагынан кармалган. Текшерүү иштеринин алкагында кармалгандардын ичинен экөө жашы жете электер, ал эми калган 3 жарандын паспорттору эски үлгүдө экени жана мөөнөтү бүткөнү аныкталган. Тиешелүү документтер толтурулуп, чек ара режимин бузган жарандар УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.