Данияр Тербишалиев: "Мэр Иса Өмүркулов сейил бактарга караштуу жерлерди сатып жиберген"

"Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Бишкектеги өзгөчө кайтаруудагы жерлерди сатып жиберген". Бул маалыматты бүгүн, 27-мартта ЖКнын жыйынында депутат Данияр Тербишалиев айтты. Ал билдиргендей, 2010-жылдын аягында мэриянын токтому менен Бишкектин башкы планына өзгөртүүлөр киргизилген. “Ата-Түрк”, “Жаштар”, “Жеңиш” сейил бактарына караштуу жерлер менчикке берилип кеткен",- деген депутат тийиштүү органдар бул факты боюнча текшерүү жүргүзбөй жатканын сынга алды. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана төрага Асылбек Жээнбеков бул маселени карап чыгууга сөз берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан