Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, борбордо 100 чарчы метр бастырманын чатыры жана ичиндеги соода буюмдары күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.

Борбор калаанын Комсомол көчөсүндөгү соода аянттарынын биринен өрт кырсыгы катталды. Анда жыгач устундуу, пластмасса жабылган, жалпы аянты 100 чарчы метр бастырманын чатыры жана ичиндеги соода буюмдары: памперс, шампунь, самындар күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан