Борбор калаада "бычак такап коркутуп, ур-токмокко алуу менен тоногон" деген шек менен 16 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 19 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Ал "Ош базарынын" жанында жайгашкан кафеден чала тааныш кыз мойнуна бычак такап коркутуп, уруп, чачын жулуп, кийип жүргөн күрмөсүн жана жылуу кийимин тартып алганын билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Талас облусунун 16 жаштагы С.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.