Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: Мамлекет тарабынан берилип жаткан үйгө (ипотека) документти кайдан алам? Мен өзүм Кара-Кулжа районунда иштеп, декреттик өргүүгө чыккам. Азыркы тапта Алай районунда каттоодо турам, бирок убактылуу Ош шаарында жашайм. Ошондо мен кандай кылсам болот? Сураныч, так маалымат берип коюңуздарчы... Суроо калтырган aiko15
Жооп: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы №123-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Арзан турак жай 2015-2020” программасынын катышуучуларын тандоонун тартиби жөнүндө убактылуу жободо программанын катышуучуларын тандоонун критерийлери белгиленген.
Бекитилген критерийлерге ылайык, катышуучуларга карата коюлуучу милдеттүү талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- акыркы (учурда) иштеп жаткан жумуш ордундагы эмгек стажынын 1 жылдан же жалпы эмгек стажынын 3 жылдан кем болбошу;
- жеке турак жайынын жоктугу же турак жай аянтын кеңейтүүнүн зарылдыгы;
- программага катышууга арыз берген күнгө чейин акыркы 3 жылдын ичинде турак жайга байланыштуу кандайдыр бир жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн жоктугу;
- катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгү;
- өнөктөш банктын талаптарына ылайык, терс маанидеги кредиттик таржымалынын болбошу.
Мамлекеттик уюмдарда (билим берүү мекемесинде) иштеген жарандар программага катышуу үчүн арызды иштеген жерине берет. Программага катышууга арыз берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
- программага катышуу үчүн арыз;
- паспорттун көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- кызмат ордун жана акыркы 12 айдагы эмгек акысынын өлчөмүн көрсөтүү менен иштеген жеринен маалым кат;
- кошумча кирешелеринин бар экендигин ырастаган башка документтер;
- нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускасы);
- ипотекалык кредитти биринчи кезекте алууга укуктуулугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (программанын катышуучуларынын арыздарын кароодо комиссия биринчи кезекте ипотекалык насыя алуу укугун төмөнкүлөргө берет:
- көп балалуу үй-бүлөлөргө;
- аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда, адамдын өмүрүн, коомдук мүлктү сактоо боюнча жарандык милдетин аткарууда каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан адамдарга).
- үй-бүлөнүн курамы жөнүндө жашаган жеринен маалым кат;
- акыркы 3 жылдын ичинде кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрүнүн болушу (жок экендиги) жөнүндө кыймылсыз мүлккө укукту каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалым каты (укукка ээ болуу маалым каты).
Суроого Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.