Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык кызматы тарабынан мамлекетке 1 миллион 360 миң сом материалдык зыян келтирилген. Бул тууралуу Транспорт прокуратурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош аэропортунун бажы төлөмдөрүн тариздөө борборунда бажы мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүдө Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мурда Армения Республикасынан оңдоо максатында алынып келген АН-12 учагынын тетиктери мыйзамсыз темир иштетүүгө сатылгандыгы, тиешелүү төлөмдөрдү жүргүзбөгөндүгү жана мамлекетке 12 пайыздык кошумча нарк салыгы өндүрүлбөгөндүгү аныкталган. Мындан сырткары “Ош” бажы кызматынан материалдарды алынгандан кийин алар тарабынан тиешелүү камералык текшерүү жүргүзүлгөн эмес. Муну менен аталган башкармалыктын кызматкерлери мамлекетке 1 миллион 360 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтиришкен. Транспорт прокуратурасы тарабынан бул факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.