Бишкектеги соода борборлорунун биринен тамеки уурдоого шектелгендер кармалышты

Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринен тамеки уурдоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун 23 жаштагы Б.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 25-мартта саат 13:00 чамасында бейтааныш 20-25 жаштар курагындагы 2 жигит соода борборунан 120 пачка "Memphis" тамекисин уурдап кетишкенин билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Бишкек ШИИББинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облусунун 28 жаштагы Н.Ч. жана Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы А.З. аттуу тургуну кармалган. Учурда кармалгандар дагы бир нече кылмышка шектелип жатышат. Бул факт боюнча иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
imanchik
2016-04-04 13:27:20
«Memphis» Мемфис болот туурасы
0
Rifle_3
2016-04-04 14:08:53
Темасын окуп , бир эки пачка уурдаган окшойт депмин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан