Борбор калаадан 200 китеп уурдоого шектелген 2 жаран кармалды

Борбор калаадагы менчик ишканалардын биринен 200 китеп уурдоого шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 51 жаштагы Ф.И. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал февраль айында белгисиз адамдар Интергельпо көчөсүндө жайгашкан менчик ишканадан жалпы суммасы 43 750 сомду түзгөн 200 китепти уурдап кетишкенин айткан.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 24 жаштагы И.Э. жана борбор калаанын 25 жаштагы Т.А. аттуу тургундары кармалган. Алардын дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
begai93
2016-04-04 19:30:45
Кызык,уурдаган кандай адам, уурдай турган кандай китептер болду экен? Азыркы заманда жалан телефон компьютер планшет болуп атканда окуйм десе кошколдоп тапшырыш керек китептерди )))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан