Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 9 жаштагы баланы иттен арачалап калган троллейбустун айдоочусу Мелис Калмырзаевди кабыл алып, ага саат белек кылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Окуяга токтолсок, 30-мартта №4-троллейбустун айдоочусу Ак-Тилек конушунан өтүп баратып жаш баланы кара түстөгү чоң ит тиштеп алганын байкаган. Ит баланы сүйрөп жатканда айдоочу троллейбусту токтотуп, аны арачалап калган. Баланын саламаттыгына көп залал келгенге чейин иттен куткарып калууга жакын жердеги балдар да көмөктөшкөн.
Бүгүнкү күндө иттин "чабуулуна" кабылган бала шаардагы №3-оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланууда. Анын жамбаш булчуңу жана буту жабыркаган. Дарыгерлердин айтымында, азыр анын абалы канааттандырарлык.
Ал эми иттин ээси компенсация төлөөгө милдеттендирилген.