Бишкек шаарында асынып, жүрөгү токтоп калган 15 жаштагы өспүрүм куткарылды

Бишкек шаарында асынып, жүрөгү токтоп калган 15 жаштагы өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде саат 09:49 чамасында "өспүрүм асынып алды" деген билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 15 жаштагы бала туугандары менен урушуп асынып алганын жана дем албай, жүрөгү токтоп калганын аныкташкан. Өспүрүмдү жандандыруу максатында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, саат 10:20да анын жүрөгү сого баштаган. Өспүрүмгө "клиникалык өлүм" (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал) диагнозу коюлуп, өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган өспүрүм ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ali-han
2016-04-04 15:51:18
Ушундай диогноз барбы?
0
vrach
2016-04-05 08:02:33
Ali-han, Клиника олум деп коет
0
Lui
2016-04-05 09:24:35
Ali-han,Клиническая смерть...
0
kanykey125
2016-04-04 16:32:50
Куткарылганы абдан жакшы болуп тур.Ата энесине эле жаман болмок..
+3
jemile
2016-04-04 19:37:36
Ажал жетпесе бекер..
0
karona
2016-04-05 11:55:55
Ажал жетпесе клиническая эмес биологическая смерть болсо да тирилип кетет экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан