Борбор калаада катталган жол кырсыгында 18 жаштагы жаран ар түрдүү оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-апрелде саат 21:08 чамасында "Тез жардам" кызматына "Түштүк магистраль - Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 18 жаштагы жигит ар түрдүү жаракаттарды алды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери жабырлануучу башынан жаракат алып, баш мээси чайкалып, чекесинен, колунун бир нече жеринен жаракат, оң бутунун сан сөөгү сынганын жана башка жаракаттарды алганын аныкташкан. Жабырлануучу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилген.