Америкалык басылма кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү эң кедей 50 өлкөнүн катарына кошту

Америкалык басылма кыргыз өлкөсүн дүйнөдөгү эң кедей 50 өлкөнүн катарына кошту. "Global Finance Magazine" басылмасы түзгөн тизмеге жалпы 185 мамлекет кирген. Басылма рейтинг түзүүдө Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун маалыматтарына таянган. Кыргыз жеринде ички дүң продукция киши башына 3500 доллар туура келери айтылат маалыматта.

Басылманын тандоосу боюнча алдынкы үчтүккө Катар, Люксембург жана Сингапур кирген. Ал эми Борбордук Азия мамлекеттери арасында ИДПсы киши башына 25 миң доллар болгон Казакстан лидерлик орунду ээлеп, дүйнөдөгү эң бай 50 өлкөнүн катарына кошулду. Орусия 51-орунда болсо, Түркмөнстан 77-орунда, Өзбекстан 127-орунда, кыргыз өлкөсү 142-орунда, Тажикстан 153-орунда.

Тизмеде акыркы орунду Борбордук Африка Республикасы алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Mirlan5
2016-04-04 17:21:40
Негизи Кыргыз элинин байлыгын уурдабаганда(качкын эки президент жана жан жоокорлору) биз жомоктогудай жашабасакда алда канча онукмокпуз завод,фобрикаларды курганда. Аттин дейсин оз элине душман болгон ажо сооройлорго... ошончо алтын байлыктарды алып качпай Кыргыз олкосуно жумшаганда элгеда озулорунода жакшы болмок... бирок ушугада Жаратканга шугур.
+6
tursunbaev2016
2016-04-05 00:32:40
Mirlan5,Азыркы бийликчи уурдабай атабы?
+1
MAN-CITY
2016-04-04 17:23:02
Качан 120 кой тойсо, ошондо рейтинг которулушу мумкун, бирок бул койлорда жаныланып турат тойгозушта кыйын.
+6
Kyrgyz_KG
2016-04-04 17:23:03
Чиновниктердин акчасын санап келсен дуйно жузунун ба
+2
begai93
2016-04-04 17:30:30
Биз азырынча байыбасак да аман эсен курсагыбыз тоюп тыынч жашап турайлычы деген заман болуп калдыгоо
+8
MAN-CITY
2016-04-04 17:31:14
Озу бизде президенттик мамлекеттен отору жок экен, парламенттик болгондон бери деле эч озгоруу жок, бир гана озгоруу, президент менен парламенттегилер ортодо болуп жемей болду чогуу уурдаган акчаларын.
+3
tursunbaev2016
2016-04-05 00:40:49
MAN-CITY,Мен жаза берип чарчадым,бизге парламенттик башкаруунун такыр кереги жок,мурда президенттер уй булосу менен тоносо эми 120 жеп жутар кошулуп тоноп жатат,муну Текебаев эле кылды деп ойлойм президент боло албашына козу жетип,парламенттик башкарууну ойлоп тапты
0
aziziko
2016-04-04 17:50:40
Люксембургда 500000 мин эле киши жашаса эч ким менен согушпаса анан да акылдуу адамдар башкарса албетте бай мамлекет бай болот. Сингапур мындан 60 жыл мурун биздей мамлекет болчу экен . Ли Куан Ю коррупцияга аралашкан чиновниктерди ал тургай жакын досторун аттырып салып коррупцияны женген экен. Ал эми Катар мунай менен байыган 1.5 миллион калкы бар бирок баласы атасын тактан кулатып озу такка чыккандан кийин Катар тездик менен онугуп баштаган олко экен . Биз тактан канчасын кулаттык бирок :(
+7
azamat_star74798
2016-04-04 18:54:29
Кайдагы кедей))) биздин "Жепжутары" кобунон бай))) мамлекеттерди эске албаганда
+3
Adi.aida96
2016-04-04 19:08:28
Ушунчасына шугур дейли, согуш жок тынч жашап жатканыбызга. Кудай буюрса бизда байып калабыз
+6
dasta
2016-04-04 19:15:25
Ноокаттыктар айтмакчы АКШ нын журналиистери покту йептир. Бир жакшына еле жашап жатавыз ар бир уйдо екиден учтон машине бар. Жадакалса кобунун еле уйлору дкх етаж. Просто бюджетте пул аз да диназавырлар болуп болуп жеп плат
+10
aash
2016-04-04 20:15:57
Биздин мамлекет кедей болсо да элибиз бай. Ачкадан олгон кыргызстандыктар жок. Америка суйлой берет.
+7
taalai9411
2016-04-04 21:52:11
aash,ит урөө берет Америка оозуна келгенди оттой берет
+1
vangolu
2016-04-04 22:06:05
мен баймын.Алдымда наным бар.Курсагым ток.Иштеген ишим бар.Кооз мамлекетте жашайм.Жеген тамагым таза.Кыргыздын кымыз жыттанган кызымын.Мен бактылуумун!!!!
+6
Patriot..kg
2016-04-04 22:37:32
vangolu, молодец
+2
tursunbaev2016
2016-04-05 00:34:44
vangolu,Баардык Кыргыздар сендей бактылуу болгондо гана?
0
Nazikbaigazy
2016-04-05 00:44:04
Менда баймын эн негизгиси ден соолугум 100% кудайга шугур. Ата энем бир тууганым мандайымда, курсагым ток киймим бутун
+3
tursunbaev2016
2016-04-05 01:13:44
Nazikbaigazy,эми бул жерде лично сени бактылуусунбу,байсынбы,кембагалсынбы деп жаткан жокко,Кыргыз мамлекетин айтып жататко?
+3
behappy74
2016-04-05 05:39:26
tursunbaev2016,Биринчиден мамлекет ар бирибизден башталат,экинчиден создун туп маанисин жакшылап тушун Nazikbaiqazy абдан туура соз айткан.Учунчудон сен жашооно нааразы болсон бутундой кыргыз нааразы болгонго милдеттуу эмес.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан